Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Кыргызстан адал туризм рейтингинде - 25-орунда

Сингапурдун “Crescent Rating” рейтинг агенттиги жыл сайын мусулман туристтерге ыңгайлуу жерлердин рейтингин чыгарат. Бул жылкы дүйнөлүк индексте 130 өлкөнүн ичинен Кыргызстан - 25-орунда. Рейтингди аныктоодо ар бир өлкө 100 баллдык шкала менен өлчөнүп, анда мусулмандардын эс алуусуна түзүлгөн шарттар, виза алуу, намаз окууга ыңгайлуулук, коопсуз саякаттоо, халал продуктулардын сапаты сыяктуу эрежелер эске алынган. Анда Кыргызстан 55,7 деген санды көрсөттү.
Ал эми бул тизменин башында 3-жыл катары менен Малайзия, андан соң Бириккен Араб Эмираты, Индонезия, Турция, Сауд Аравиясы кирди. Орто Азия өлкөлөрүнөн Казахстан 17-орунда болсо, Таджикистан - 26-орун, Өзбекстан - 28-орунда.