Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ыйык Рамазан айы 27-майда башталат

Ыйык Рамазан айы быйыл 27-майда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Рамазан айында мусулмандар бир бою орозо тутушат. Бул күндөрү таң аткандан күн батканга чейин тамак-аш жегенге, суусундук ичүүгө, тамеки чегүүгө болбойт.

27-майда башталган ыйык орозонун 25-июнда бүтөрү белгиленүүдө. Ал эми ооз бекитүү 26-майда айдын жаңырышына карата аныкталат.