Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Филиппин мамлекети Орусиядан курал-жарак сурады

Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда Филиппин президенти Родриго Дутерте анын өлкөсүнө акыркы үлгүдөгү курал-жарак керек болуп жатканын кабарлады.
Родриго Дутертенин айтымында, АКШга курал заказ кылган, бирок азыр кырдаал жакшы эмес. Андан сырткары Филиппин президенти эки мамлекеттин соода алакасын жакшыртуу керек экенин белгилеп, жолугушууну токтотту. Анын себебин Филиппинде ок атышуулар болуп, адамдар өлүп жатканы менен түшүндүрдү.
Владимир Путин өз кезегинде Москва жана Манила ортосунда кызматташууга көп тармактар бар жана бул жолугушуунун үзгүлтүккө учурашына карабастан даярдалган бир катар документтерге кол коюлмакчы.
Мурунураак, ал Филипиндин түштүгүндө аскердик кырдаал киргизген. Бул кадам мамлекеттин аскерлеринин»Ислам мамлекети» террористик тобу менен кагылышуусунан улам болгон.
Эске сала кетсек, Дутерте Москвада 22-26-май аралыгында иш сапары менен болуусу пландалган.