Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ооганстанда Талибан аскерлеринин кол салуусунан ондогон аскерлер набыт болду

Ооган мамлекетинин Забул аймагында Талибан аскерлеринин кол салуусунан көзөмөл бекеттеринде ондогон аскерлер набыт болду. Окуя Шахжой уездинде болуп, учурда согуш иштери жүрүп жатат. Аймактын губернатору Бисмилла Афганмаль билдиргендей, уездге кошумча күчтөр жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Борбор Кабулда куралчандар мейманканага салып, андан чет элдик гуманитардык уюмдун бир кызматкеринин жана жергиликтүү сакчынын өмүрү кыйылды.

Ооган ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кабулда конок үйгө жасалган кол салуудан германиялык аял каза тапкан жана Финляндиянын бир жараны дайынсыз жоголгон.

Кол салууга кабылган конок жайды аялдарга колдоо көргөзүү боюнча долбоорлорду аткарган, швециялык Operation Mercy гуманитардык уюму иштетчү.