Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Рухани 57% добуш менен кайрадан Ирандын президенти болуп шайланды.

ИИР министрлиги президенттик шайлоолордун акыркы жыйынтыктарын мындай жарыялады: Хасан Рухани 57% добуш менен кайрадан Ирандын президенти болуп шайланды.
Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Абдуреза Рахмани Фазли 19-майда өткөн кезектеги Иран президентин шайлоолорунун акыркы жыйынтыгын пресс-конференцияда кабарчылардын алдында жарыялаган. Өлкөнүн министри алгач Иран элин өлкөнүн президентин шайлоодо кубаттуу катышып бергендиктери үчүн терең ыраазычылыгын билдирген. Ал шайлоого элдин 73%ы катышканын тактап, 41220131 алынган добуштун 2354916 добушу Хасан Руханиге берилип, бардык добуштардын 57%ын түзгөнүн белгилеген. Ал эми анын күчтүү атаандашы сайед Ибрахийм Раисиге 15786449 добуш берилип, 38.5 %ы түзгөн. Ошондой эле сайед Мустафа Мирсалим 478215 добушга ээ болуп, 1.1%түзгөн. Иран президенттигине дагы бир талапкер Хашеми Табага 219450 адам добуш берип, бардык добуштардын 0.5%ын түзгөн,-деп маалымдады министр.