Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

40 млн. добуштан 22 млн. добуш менен Рухани алдыга озууда.

ИИРдин Шайлоолор бюросунун жетекчиси Али Аскар Ахмади жергиликтүү саат 11:00дө добуштардын жыйынтыгы тууралуу мындай билдирди: 38 млн. туура деп кабыл алынган добуштардын арасынан Хасан Рухани 22 млн. добуш жана сайед Ибрахийм Раиси 15 млн. добушка ээ болушту.
Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Али Аскар Ахмади кабарчыларга шайлоолордун ушул сааатка дейре топтолгон жыйынтыктары тууралуу мындай деп билдирген: 40млн. 76 миң. 729 добуштан 38 млн. 914 миң 470добуш “туура” деп кабыл алынган. Алардын ичинен 22 млн. 796 миң, 468 добуш Хасан Руханиге берилген. Ал эми сайед Ибрахийм Раиси 15 млн, 452 миң добушка ээ болсо, Саид Мустафа Мирсалим 455 миң 211 добуш алган жана Хашеми –таба 210 миң 597 добушка ээ болду. Ирандын Шайлоолор бюросунун жетекчиси Али Аскар Ахмади акыркы жыйынтыктар жергиликтүү саат 14:00дө жарыяларын тактап кетти.