Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Бишкекте 3000 кишилик заманбап мечит курулуп бүттү

Бишкекте Алма-Ата жана Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде (Аламүдүн базары) 13-майда, саат 12:00до 3000 кишиге ылайыкталган заманбап чоң мечиттин ачылышы болот. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын пресс-кызматынан кабарлашты.Учурдун талабына ылайык салынган, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да бардык шарттары бар мечиттин курулушу 2 жылга созулуп, ал толугу менен Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан каржыланган.

WAMY (Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын) ысымын алган мечитке ассамблеянын ардактуу кызматкери Садибакас Доолов имам хатиб болуп дайындалды.

Мечиттин ачылышына чет өлкөлүк жана мамлекеттик деңгээлдеги коноктор катышары күтүлүүдө. Ошондой эле шаар тургундарына да ачылыш аземин көрүп кетүүгө эшик ачык.