Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Индонезияда ислам динин шылдыңдаган губернатор эки жылга кесилип кетти

Губернатор соттун чыгарган өкүмүнө даттанарын айтып, прокурорлор аны абакта калтырбай, шарттуу түрдө эркинен ажыратууну талап кылганын белгилеген.
Индонезиянын соту Жакарта шаарынын губернатору Басуки Чахая Пурнаманы Куранды шылдыңдаган деген айып менен эки жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Сот ага бирөөнүн динин шылдыңдаган деген күнөө койду. Губернатор соттун чыгарган өкүмүнө даттанарын айтып, прокурорлор аны абакта калтырбай, шарттуу түрдө эркинен ажыратууну талап кылганын белгилеген. Пурнама соңку жарым кылымда Индонезиянын борборуна алгачкы жолу губернаторлук кызматка келген христиан дининдеги жана этникалык кытай болгон. Ал 2014-жылы мурунку калаа башчысы Жоко Видодо кызматынан кетип, өлкө президенттигине шайлангандан кийин келген. Ал борбор калаада бюрократия жана коррупция менен күрөшүүдө чечкиндүү кадамдарды жасаган. Бирок, анын мусулмандарга карата билдирүүсүнөн кийин миңдеген жарандар нааразычылык акциясына чыгышкан.