Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иранда шахтада жарылуу болуп, каза тапкандар саны 35ке жетти

Ирандын Гулистан облусундагы көмүр шахтасында жарылуу болуп, анда каза тапкандар саны 35ке жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар маалымдаган.

Буга чейин шахтадагы жарылуу 21 адамдын өмүрүн алганы айтылган болчу. Окуя кечээ, 3-май күнү күндүз болгон. Фарс агенттигинин маалыматында жарылуу болгон учурда шахтада 500дөй кенчи иштеп жаткан. Жарылуу жумушчулар нөөмөт алмаштырган кезге туш келген. Учурда куткаруучулар урандылар астында кеминде 90 киши бар экендигин божомолдошууда.

Учурда 30дан ашуун кенчи ооруканаларга жеткирилген. Алардын айрымдарынын абалы оор экени айтылууда.