Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран делегациясы Орусия жана БУУ менен Астанада кеңешүү жүргүздү

Иран делегациясы Казакстандын Астанасында өткөн Сирия боюнча сүйлөшүү жүргүзүү конференциясында Орусия жана БУУнун делегаттары менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Астана сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасында Сириядагы ок атуунун токтотуу жана маселени саясий жол менен чечүү иштери каралмакчы. Астана отурумунда Ирандан тышкары, Орусия, Түркия, БУУнун баш катчысынын Сирия маселелери боюнча өкүлү жана Иорданиянын Тышкы иштер министринин саясий кеңешчиси көзмөлдөөчү катары катышышат. Белгилей кетсек, отурумга Америка Тышкы иштер министринин орунбасары дагы катышууда. Кечээ Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Жабери Ансари ирандык өкүл катары БУУнун Сирия боюнча өкүлү Де Мистура менен жолугушуп, Сириянын акыркы жагдайы жана Астана сүйлөшүүлөрүнүн процесси тууралуу кеп- кеңешишкен. Ал эми бүгүн Астандагы бардык делегаттардын катышууларында сүйлөшүү жүргүзүү отуруму өтмөкчү.