Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сауд өкмөтү өлкөдө 10 млн. жакырлар бар экенин мойнуна алды

Арабстандын мураскер шахзаадасынын орун басары сын алгы берүүсүнөн чыгып, өлкөдө өкмөттүк жардамга муктаж 10 млн. жакырлар бар экенин мойнуна алган. ИРНА агенттигинин маалыматына ылайык, Арабстандын мураскер шахзаадасынын орун басары Мухаммад бен Салман сауддук телеканалга берген маегинде, өлкөдө жумушсуздук маселеси боюнча маалымат берип, келерки 10 жылда жумушсуздук 7 %га азаярын билдирген. Сауд өкмөтүнүн айтымында Арабстанда жумушсуздардын саны 27 млн. адамды камтып, жалпы жамааттын 11%ын түзөт. Алардын көпчүлүгү билимдүү жаштар. Арабстанды учурдагы экономикалык кризисине мунайдын дүйнөлүк баасынын түшүүсү жана Йемен согушуна кетирген каражаттары менен аймактагы террорчуларга финансылык колдоо көрсөтүүлөрү себеп болгон. Ушул эле маалда Эр- Рияддын мансапкордук жана согушкердик саясатына караштуу бул өлкөнүн куралдуулуктары 99%ды түзүп, дүйнө жүзү боюнча курал-жарак сатып алуучулардын арасында 3-орунда турат.