Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Эрдоган Сирия менен Ирактагы күрддөргө дагы сокку урушу мүмкүн экенин айтты

Түрк армиясы менен күрд көтөрүлүшчүлөрүнүн ортосундагы мамиле түрк авиациясынын Сирия менен Ирактын түндүгүндө жайгашкан күрддөргө урган соккучунан улам кескин курчуп кеткен.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган армия Ирак менен Сириядагы күрддөргө сокку урушу ыктымалдыгын айтты. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянып РИА Новости жазып чыкты.
"Биз чабуулдарыбызды улантууга мажбурбуз. Мөөнөтү менен убактысын айта албайбыз, бирок алар түрк армиясы келеринен кабардар болуп турат", — деди президент.
Эрдоган АКШ тарабынан көтөрүлүшчүлөрдүн колдоого алынышына чекит коюлушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул маселе президент Дональд Трамп менен кийинки айда боло турган жолушуу учурунда талкууланат.
Түрк армиясы менен күрд көтөрүлүшчүлөрүнүн ортосундагы мамиле түрк авиациясынын Сирия менен Ирактын түндүгүндө жайгашкан күрддөргө урган соккучунан улам кескин курчуп кеткен. Түркия аларды өлкө аймагында ишемрдүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясы менен байланыштырып келет. Генералдык штабдын маалыматы боюнча андан 70 күрд жоокери каза тапкан.