Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ислам Пайгамбарынын келишин кабарлаган байыркы Инжил Анкара музейине өткөрүлдү

Түркия Азирети Мухаммадын(с.а.в) келүүсүн кабарлаган Барнабанын жоголгон булгаары Инжили куралчан кароолчулардын көзмөлүндө Анкаранын Энтографиялык музейине өткөрүлгөнүн билдирди. Tasnim агенттиги Poya кабарчыларынан маалымдайт: Бул тарыхый алтын сыя менен жазылган жазманын баасы 14 миллион еврого бааланган. Барнаба Инжили арамей тилинде - Исанын (а.с) эне тилинде жазылган жана анда Азирети Мухаммаддын (с.а.в) келиши кабарланган. Бул Инжилде ошондой эле Азирети Иса (а.с) эч качан айкаш жыгачка кадалган эместиги айтылат. Барнаба Исанын (а.с) окуучу шакирттеринин бири болгон. Барнабанын Инжилинде Азирети Иса (а.с) айкаш жыгачка кадалып өлтүрүлгөн эмес деп айтылат. Бул Инжил Иса(а.с) тирүүлөй бейишке бараары жана анын ордуна бир жүйүт айкаш жыгачка тартылганы баяндалат. Буга кошумча аталган Инжилде Иса (а.с) Кудайдын баласы эмес экени жана жөн гана пайгамбар катары Кудайдын сөзүн сүйлөгөнү кабарланат. Аталган Инжил алгач 2000-жылы полиция аркылуу Жер Ортолукта банданын колунан табылган жана ошондон бери Анкаранын Адилеттүүлүк залында сакталуууда.