Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирия боюнча Астанада дагы бир сүйлөшүү өтөт

Казакстандын тышкы иштер министрлиги Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 13-майда өтөөрүн билдирди. Ага уюштурган өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.

Билдирүүдө “Астана сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги жыйыны өлкөлөрдүн жогорку кызмат адамдарынын денгээлинде өтөт”,-деп баса белгиленген.

Сириядагы ок атууну токтотууга кепилдик берген баардык өлкөлөр сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасына катышарын тастыкташкан.
Эскерте кетсек, Астанада өтүп жаткан Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы жыйыны Дамаск өкүлдөрүнүн жана каршылаштарынын катышуусу менен январь айынын аягында өткөн. Андан бери сүйлөшүүлөр уланып, бир нече жыйын өттү. Бул сүйлөшүүлөрдү Казакстан ортомчу катары демилгелеп, Түркия, Орусия жана Иран гарант өлкө катары катышып келүүдө.