Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ооганстанда «Талибан» кыймылынын «жазгы чабуулдары» башталды

Франс Пресс агенттиги «Талибан» кыймылынын «жазгы чабуулдары» башталганын жазды.

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы жыл сайын жаз айларында активдешип, өлкөдөгү чет өлкөлүк аскерий базалар жана элчиликтерге кол салып башташат. Ошондой эле АКШга жакындаган ооган өкмөтүнө каршы да чабуулдарды уюштурууда.

Жакында эле аскердик базага чабуул коюп анда 170тен ашык ооган аскери көз жумду. Андан көп өтпөй АКШнын элчилигине жакын жерлерде жардыруулар болду.

Америка бийлиги 2001-жылы Ооганстандагы экстремисттер талиптер менен күрөшүү үчүн өлкөгө аскер киргизген. Учурда Ооганстанда 8,4 миң америкалык аскер кызматкерлери бар. Алар өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоого көмөкчү болуу миссиясы менен иш алып барууда. Бул көрүнүш талиптердин кыжырына тийип келет.