Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

ЖККУ: Сириядагы террористтер Ооганстанды көздөй агылууда

Сирия жана Иракта жеңилүүгө дуушар болуп жаткан «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери Ооганстанга карай аылууда. Бул көрүнүш Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун өлкөлөрүнө коркунуч жаратууда.

Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков айтып чыккан. «Азыркы тапта «Ислам мамлекетинин» Сирия, Ирактан качып чыккан согушкерлери Ооганстанды көздөй багыт алды. Алар акырындап отуруп бул өлкөнү ЖККУнун аймагына экспансия кылуучу плацдармга айлантышы мүмкүн», — деген Семериков. Анын пикиринде, «Талибан» кыймылынан, баңгизаттарын ташуунун арбышынан, ар кыл эл менен диний топтордун тирешүүсүнөн улам, өлкөдө абал курчуп жатат.