Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Америка Израилге F-35 согушкер учактарын берет.

Кошмо штаттар жекшемби күнү 23-апрелде сионисттик режимге F-35 маркасындагы 3 согушкер учактарын бермекчи. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу сионисттик режимдин армиясы жарыялаган. АКШынын бул демилгеси Вашингтондун Тель- Авивди аскердик тарыхый колдоо көрсөтүүлөрүнүн алкагында аткарылат. Муну менен Израиль Америкадан соңку, заманбап жана ыкчам F-35 согушкер учактары бар өлкө болмокчу. Белгилей кетсек, америкалык Lockheed Martin аскердик компаниясы Израилге 50 даана F-35 согушкер учагын тапшырып берүүгө келишим түзгөн. Ал эми 2016-жылдын декабрында ушул учактан сионисттик режимге экини берген эле. Бул учактын ар бири заманбап сапаттарга ээ болуп, саатына 1900км. учат жана баасы 110млн. АКШ долларын түзөт.