Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирияда террористтерге кошулган малайзиялыктар үйүнө кайтуунун жолун издөөдө

Малайзия полициясынын башкы инспектору Сирияга барып, террорчуларга кошулуп кеткен 50гө жакын жарандар мекенине кайтып келүүнү пландап жатышканын маалымдады.

Малайзия полициясынын башкы инспектору Халид Абубакр мамлекеттик университет Сабахта өткөн жыйындарынын биринде Сириядан сегиз адам кайтып келишкенин жана дагы 49 адам өз үй-жайларына кайтып келүүнүн жолун издеп жатышканын жарыялады.

Анын айтымына караганда, бул адамдардын көбү күйөөлөрү Сирияда курман болгон аялдар. Ал эми алардын балдары «Ислам мамлекети» террордук тобунун согуштук даярдыктарында жүрүшөт.

Малайзия буга чейин 250 адамды террорчулар менен байланышы бар деп камакка алган. Өкмөттүн көрсөтмөсүнө ылайык, Сирияда террористтерге кошулуп кеткен 95 Малайзия жаранынын 30у өлтүрүлгөн жана сегизи өлкөгө кайтып келген жеринен камакка алынган.