Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Назарбаев кара кийип чүмкөнгөндөрдү сындап, тыюу салуу керектигин айтты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Ислам дининин атын колдонуп эле, капкара болуп чүмкөнгөндөрдү сындады. Анын айтымында, салттуу эмес диний агымдардын мындай кийимдерине тыюу салуу зарыл.

Ошондой эле Назарбаев өлкөдөгү дин саясатын жөнгө салуу үчүн атайын министрлик түзүлө турганын да айткан. «Жакында эле мен акыл-эсти өнүктүрүү, ошол эле учурда өзүбүздүн тарыхый жана руханий байлыгыбызды байытуу жөнүндө статья жарыяладым. Патриоттуулук, мекенге болгон сүйүү, өлкөдөгү туруктуулук — бул биздин келечегибиз. Ал үчүн бардыгыбыз чогуу аракеттенишибиз керек», — деген Назарбаев.

Назарбаевдин пикиринде, өлкөнүн жаштары жетишсиз жана туура эмес маалымат алганы үчүн сакалдарын коё берип, шымдарынын этегин кесип жатышат. Андан сырткары кара кийген казактын кыздары көбөйгөнүн, алардын мындай жоругу казак элине жана салт-санаасына жат экенин кошумчалаган. «Андыктан бул көйгөйгө мыйзамдын деңгээлинде тыюу салуу боюнча чараларды көрүү керек. Казактар кара кийимди аза күткөндө гана кийген», — деген эл башы.

Казакстандын президенти ошондой эле ханафий масхабдын негиздерин мыкты өздөштүргөн адистерди даярдап, эл арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин да айтып өткөн.