Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Монголия өзүнүн алгачкы спутнигин космоско учурду

Монголия өзүнүн алгачкы спутнигин космоско учурду. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

«10 жыл мурда пайдубалы башталган долбоорду акыр аягында ишке ашырдык. Бул Монголия үчүн тарыхий кадам. Биз Монголиянын өзүнүн алгачкы спутнигин космоско учурганы үчүн сыймыктанабыз»-деген Монголиянын Жогорку мамлекеттик жыйынын төрагасы Миеэгомбин Энхболд.

Өлкө парламентинин сайтында жарыялангандай, Mongol Sat-1 аттуу спутниктин космоско учушу өлкөдөгү телекоммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет деп үмүт кылышууда.

Спутник Asia Broadcast Satellite (ABS) оператору менен биргеликте учурулган.

Категории: