Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Гаджеттер жаш балдардын уйкусун уурдайт

Бирбек (Лондон университети) сомнологдору смартфон, планшет, электрондук китептердин жаш балдардын уйкусуна терс таасир берерин аныктап чыгышты.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, смартфонду колдонгон жаш балдардын уйкусу колдонбогондорго салыштырмалуу аз болот. Изилдөөгө 715 ата-эне балдары менен катышкан. Анда гаджеттерди бир саат колдонуу бир күндүк уйку нормасын 15 мүнөткө кыскарта турганы аныкталган. Ал эми түнкү уйкуга тийгизген таасири андан да чоң болот.

Адистердин айтымында гаджетти 2-3 саат колдонгон баланын түнкү уйкусу жарым саатка кыскаруусу мүмкүн. Бул аз эле убакыттай көрүнөт. Бирок баланын өсүүсүндө бир мүнөттүк уйку да көп роль ойнойт,-дешет илимпоздор.