Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Орусия Сирия менен биргеликте «Пальмира» көркөм тасмасын тартат

Орусия менен Сирия биргеликте «Пальмира» көркөм тасмасын тартышат. Бул боюнча Орусиянын Маданият министрлигинде алгачкы орусиялык- сириялык “Пальмира” кинотасмасын тартуу боюнча келишимге 17-апрелде кол коюлду.

Макулдашууга орусиялык “Пролайн- медиа” менен сириялык “Shaghaf” компаниялары кол коюшкан. Эки тараптын жолугушууларында компаниянын продюссерлери менен сценаристтери жана айрым актерлор катышкан.

Драмалык кинотасма дагестандык дарыгер тууралуу баяндалат. Анын жашоосу аялы балдарын алып Сирияга качып кеткенден кийин бузулат. Дарыгер эч ойлонбостон туруп, жакындарын сактап калуу үчүн сапар тартат. Кинотасманы тартуу иши ушул күздө башталып, жылдын аягына чейин уланмакчы. Кинотасманы тартууда Ливан, Франция, Македония жана башка өлкөлөр дагы катышат, деп маалымдайт