Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга барат

Азырынча өлкө башчысы коңшу мамлекетке качан барары тактала элек. Акыркы жолу Атамбаев Өзбекстанга былтыр жыл аягында барган.
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга боло турчу сапарынын күнү учурда такталып жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр башталды Азырынча өлкө башчысы коңшу мамлекетке качан барары белгисиз. Буга чейин айрым ЖМКлар Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын миң чакырымга жакын бөлүгүн тактаганын жазып, эми эки президент Ташкентте келишимге кол коюушу керектигин билдиришкен. Атамбаев коңшу мамлекетке акыркы жолу 2016-жылы декабрда барып, Шавкат Мирзиёев менен жолуккандан кийин Ислам Каримовдун бейитине барып куран түшүргөн.