Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Санкт-Петербургдагы терактка шектелген дагы бирөө кармалды

Подмосковьеде Санкт-Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген дагы бир киши кармалды. Бул туурасында Федералдык Коопсуздук Кызматына шилтеме берип массалык маалымат каражаттары жазышты. Алар берген маалыматка ылайык, Акбаржон Джалилов шектүү болуп кармалган Аброр Азимов менен жардырууга чейин байланышкан. Мындай маалыматтар жанкечти террористтин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн иликтөөгө алганда маалым болгон.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Ал эми Кыргызстандын ТИМ билдирүүсүнө ылайык, кармалган дагы эки шектүү Обида Абдыраимова жана Айжигит Айтматовалардын жарандыгы аныкталууда. Алар террордук аракеттерди уюштурууга шектелүүдө.