Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Орусия ФСБсы Тверде беш борбор азиялыкты террорчу деп кармады

Орусиянын Тверь облусунда беш борбор азиялык террордук топко тийиштиги бар деп шектелип кармалды. Бул Орусиянын атайын кызматтарынын операциясынын негизинде ишке ашкан.

Кармалган беш борбор азиялык «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү деп айтылууда. Алар Орусиядагы мигранттар арасында экстремисттик топторго азгыруу иштерин жүргүзүп келгендиктен кармалды,-деп түшүндөргөн атайын кызматтар.

Буга чейин Орусиянын ФСБсынын жетекчиси Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттар террористтердин негизги уюгу болуп жатканын айткан. Ошондой эле ал мигранттарга үйүн ижарага бергендерге жана мигранттардын эмгегин мыйзамсыз пайдалангандарга карата чаралар күчөтүлө турганын эскерткен.