Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Назарбаев: Сирияда жүргөн казакстандык террористтер жарандыктан ажыратылат

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулган казакстандыктар жарандыгынан ажыратыла турганын айтты. Ал бул тууралуу «Мир 24» телеканалына берген маегинде кеп козгоду.

«Казакстандын баш мыйзамына ылайык, эгер казак жараны экстремисттик уюмдун катарына кошулган болсо, ал өлкөгө кайра кайтып кире албайт. Ал жарандыгынан автоматтык түрдө ажырайт»,-деген Назарбаев. Президенттин айтымында, аларды экстремисттик аракеттен кайтаруу үчүн бир катар профилактикалык иштер жүргүзүлгөн. Бирок натыйжа болгон эмес. Мындан улам, аларга катуу чара көрүү каралган.

Назарбаевдин айтымында, Сириядагы согушка аралашып жүргөн 500-600 казак жараны бар. Ал эми КМШ аймагынан чыккан террористтердин саны да Жакынкы Чыгышта 5 миңден ашык.