Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иранда президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо башталды

Иран май айында өтө турган президенттик шайлоого карата талапкерлерди каттоо иштери башталды. Бул боюнча өкмөттүн атайын жарлыгы чыкты.

Иран Ислам Республикасынын Конституциясынын 55-беренесине ылайык президенттикке талапкерлер белгиленген күндөн тартып 5 күн ичинде документтерин тиешелүү министрликке тапшыруусу зарыл.

Ал эми Конституциянын 35-беренесине ылайык, Ирандын президенттигине талапкер болуу үчүн түп теги ирандык болуусу шарт. Ошондой эле карманган мазхабы жана саясий карьерасы тууралуу да так маалыматтарды бериши зарыл. Андан сырткары Иран Ислам Республикасынын жараны болуу, лидерлик сапат, аманатчыл, такыба болуусу талап кылынат.

Ирандагы 12-президенттик шайлоо 19-майга белгиленген. Учурда өлкөнү 11-президент Хасан Роухани башкарууда.