Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

«Мухаммад Расулуллах» деген келменин шарттары

Мухаммад Расулуллах Алланын элчиси — деген күбөлүк келменин алты шарты бар:
1. Алып келген пайгамбарлык рисаласын (миссиясын) кабыл кылып, чын жүрөк менен ишенүү.
2. Тили менен келмени айтып тастыктоо.

3. Пайгамбарды ﷺ ээрчүү, алып келген буйруктарын аткаруу тыйган тыйууларынан тыйылуу.

4. Келечектеги жана өтүп кеткен кабарларын чын деп жүрөк менен ишенүү.

5. Пайгамбарды ﷺ өзүңдөн да, малыңдан да, ата-энеңден да бардык адамдардан да артык көрүп сүйүү.

6. Анын сөзүн башкалардын сөзүнөн бийик коюп, амал кылуу.

Пайгамбарды ﷺ чындап сүйгөн адам ушул алты шартты аткарат.

Бир жылда бир мавлидди өткөзүп коюп, ачык келген хадистерге амал кылуу.

Айрым нерсени тыйуу кылып Пайгамбарыбыздан ачык хадис келген болсо,аларга амал кылуу.