Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Египеттеги эки жардыруу 44 адамдын өмүрүн алды

Египетте жекшемби күнкү эки жардыруудан 44 адам каза болду. Биринчи кол салуу Александриядан 130 чакырым алыстыкта жайгашкан Танта шаарындагы Ыйык Георгий чиркөөсүндө болуп, 25 адам мерт кетти.

Расмий маалыматтар боюнча кол салуу маалында чиркөөнүн ичинде жүргөн патриарх Тавадрос II жаракат алган эмес.

Алгачкы жардыруудан көп өтпөй Александриянын өзүндөгү ыйык Марк чиркөөсүнө кол салуу болуп, 11 кишинин өмүрү кыйылды.

Эки жардыруу үчүн тең жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алды.

Пасха майрамына даярдана турган христиандар үчүн ыйык жуманын башталышы быйыл 9-апрелде белгиленген болчу. Египетте копт христиандарынын саны алты миллионго жетет.