Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Стокгольм терактын өзбекстандык жаран уюштурганы маалым болду

Стокгольм шаарында болгон терактта Өзбекстандын жараны күмөндөлүүдө. Анын аты-жөнү Рахмат Окилов. Бул тууралуу Швециянын Expressen басылмасы жазды.

Маалыматта өзбек жараны Окилов 2014-жылы Швециядан башпаанек сурап кайрылган. 2016-жылы сот анын суранычын четке кагып, өлкөдөн депортациякылуу чечимин кабыл алган. Ошондон кийин Окилов дайынсыз жоголуп кетип, издөөгө берилген.

Швед полициясы анын «Ислам мамлекети» террордук тобу менен мамилеси болгонун жана жардыргыч заттар менен иштеп жүргөнүн божомолдоп турат.

Эскерте кетсек, 7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу машина дүкөн имаратына сүзүп кирген. Андан төрт жаран каза таап, он киши жаракат алган.

Буга чейин Европада автоунаа менен элге кол салган бир нече террордук акт катталган.