Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Германия бийлиги салафиттердин көбөйгөнүнө тынчсызданууда

Германияда акыркы жылдары салафиттердин саны кыйла жогорулап, 10 миңге жетти.

Өлкөнүн өкмөтү салафиттердин жогорулоосу экстремисттик иш-аракеттер менен аяктайт деп тынчсызданууда. Германиянын Конституциясын коргоо боюнча соту өлкөдө акыркы 6 жылдын ичинде салафиттердин саны эки эсе көбөйүп, 10 миң адамга жеткенин билдирген. Бул көрсөткүч экстремисттик иш-аракеттерди күчөтөт деген чочулоолорду жаратат.2011-жылы Германияда 3800 салафит аныкталган болсо, 2015-жылы салафиттердин саны 8350 адамга чейин жеткен. Германиянын социал-демократтар партиясынын өкүлү Буркхард Лишканын эсептөөлөрү боюнча, 2018-жылы салафиттердин иш-аракеттерине каршы иш алып барууга болжол менен 100 миллион евро бөлүнөт. Германиянын Конституциясын коргоо боюнча Федералдык ведомствонун башчысы Ханс-Георг Масен дагы өлкөдө салафиттердин өсүүсү такфиризмдин өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берерин эскертти.