Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Шиң-Жаңда хижабка тыюу салган мыйзам күчүнө кирди

Кытайдагы Шиң-Жаң Уйгур автономдуу районунун бийликтери диний экстремизм менен күрөшүү максатында айрым бир сакал коюларга, хижаб, чадра кийинип жүрүүлөргө тыюу салды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Жергиликтүү депутаттар 24-мартта диний экстремизм менен күрөшүү максатында айрым бир сакал коюларга, хижаб, чадра кийинип жүрүүлөргө тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Аталган мыйзам 1-апрелден тарта күчүнө кирди.

Жаңы эреже боюнча, коомдук жайларда бетти толугу менен жапкан жоолук, кийим кийүүгө болбойт. Андай кийинген адамдарды аэропорттордон, темир жол бекеттеринен, коомдук транспорттон өткөрбөй тартип коргоо органдарына билдирүү талаптары коюлду. Мындан тышкары аймактын жарандарына радио-телевидениени көрбөй коюуга, андан башка коомдук тейлөөлөрдөн баш тартууга жана диний ырым-жырымдар менен баш кошууга тыюу салынды.