Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Петербургдагы жардырууда каза тапкандардын саны 14 адамга жетти

Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууда каза тапкандардын саны 14 адамга жетти. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова журналисттерге билдирди. Анын маалыматы боюнча, 11 адам окуя болгон жерде каза тапкан, бир адам тез жардам көрсөтүлүп жаткан тапта, эки жаран ооруканадан жан берген.

Министрдин маалыматы боюнча, учурда 49 адам ооруканада жатат.

Белгилүү болгондой, 3-апрелде Санкт-Петербургда метродо жардыруу болгон. Орус бийлиги муну теракт деп сыпаттаган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген жаран кыргызстандык экенин тастыктады. Алардын айтымында терактка шектүү Кыргызстанда туулган. Бирок, жакынкы жылдары эле Орусиянын жарандыгын алган.

Учурда УКМК Орусиянын атайын кызматы менен тыгыз байланышта иш алып барууда.