Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Петербургдагы жарылуу: 41 тез жардам бригадасы иштеп жатат

Санкт-Петербургдун жергиликтүү массалаык маалымат каражаттары метродо эки жолу жардыруу болгонун жазып жатышат. Аны менен катар эң аз дегенде 10 адамдын мерт кеткенин кабарлашууда. Бирок, бул маалымат расмий тактала элек. Ал эми жаракат алгандар 50дөн аз эмес.

Окуя болоору менен өлкө президенти Владимир Путин ошол жерге барганы дагы кабарланган. Путинди жарылуу болгон жерге текшериле элек жерлер көп экенин, бул анын жашоосу үчүн кооптуу экенин билдирүү менен укук коргоо органдары киргизбей койгон деген маалымат чыккан. Бирок, бул маалыматты анын басма сөз катчысы жокко чыгарды.

Жарылуу болгон жерде тез жардам кызматынын 41 бригадасы иштеп жатат.

Шаардагы метро станцияларынын бардыгы ишин токтотту.

Адам өмүрүн алган окуяга байланыштуу бийлик өкүлдөрү, жашоочулар жана кайдыгер кабарабагандар каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып баштады.