Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Йеменде согуштун айынан миллиондогон жаран ачкачылыкка кабылууда

Өлкөдөгү согуштун кесепетинен эки жылда миңдеген тургундар көз жумган. Алардын 1,5 миңи балдар экени белгилүү болду.

— Эки жылга созулган согуштун кесепетинен Йеменде миллиондогон адам азык-түлүк каатчылыгына кабылды. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтында кабарланды. © SPUTNIK / Билдирүүгө ылайык, учурда 19 миллион йемендик ачкачылыктан жапа чегип, калктын үчтөн эки бөлүгүнөн көбү гуманитардык жардамдарга муктаж, ошондой эле жети миллион адам азык-түлүк каатчылыгына кабылган. БУУнун гуманитардык маселелер боюнча координатору Стивен О"Брайандын айтымында, азык-түлүк тартыштыгынан улам үч миллион адам өз үйүн таштап кеткен. "Согуштук аракеттерден улам Йемендин экономикасы төмөндөп, азык-түлүк ресурстары азайып кетти. Мындан улам үч миллион адам өз турак-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду", — деди О"Брайан. Аталган аймактагы согуштун кесепетинен эки жылда миңдеген тургун көз жуумп, он миңдеген адам жарадар болуп, 1,5 миң бала каза болгон. Ал эми ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча йемендик үй-бүлөлөрдүн 80 пайызы карызга батып, калктын жарымы күнүнө эки долларга жетпеген акчага күн көрүшүүдө.