Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран менен Орусия президенттери 16 документке кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Хасан Роухани Москвада кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жыйынтыгында энергетика ж.б тармактарда иштешүү боюнча 16 документке кол коюшту.

Иран менен Орусия президенттеринин жолугушуусунда Сирия маселеси да талкууланды. Анда Путин Иран, Түркия жана Орусиянын биргеликте иш алып барганы жакшы натыйжа берип, Сириядагы абал жөнгө салынууда деп билдирди.

Путин менен Роухани ошондой эле Бушердеги атомдук электростанциянын үчүнчү жана экинчи блокторунун курулушун талкуулашты. Ошондой эле Роуханиге Москва мамлекеттик университетинин Ардактуу доктору деген наамы берилди. Андан сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин Хасан Рохани менен бирге өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөнүн жогорку руханий лидери Аятолла Хаменейиге өзгөчө салам жолдоп, Иран президентинен саламын жеткизүүсүн суранды.