Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Йемендин президентин өлүм жазасына тартуу чечими чыкты

Йемендин борбор шаары Сананын соту өлкө башчысы Абд Рабб Мансур Хадини өлүм жазасына тартуу боюнча чечим чыгарды.

Reuters жазгандай, ага карата мындай чечим чычкынчылык кылгандыгы жана “агрессивдүү Сауд Аравияга” жардам бергендиги үчүн деп айтылат.

Ошондой эле Сананын соту дагы 6 атка минерге өкүм чыгарган. Алардын ичинде Йемендин АКШдагы элчиси Ахмед Авад Бин Мубарак жана мурдагы тышкы иштер министри Рияд Ясин бар.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдан бери шиит кыймылынын өкүлдөрү менен аскерлердин ортосунда куралдуу кагылыш токтобой келет. Өкмөткө абадан да, жерден да Сауд Аравиясы башында турган коалициядан көмөк көрсөтүлүп турат.