Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Йемен калкынын 60%ы ачарчылыктан жапа чегүүдө

Бириккен Улуттар Уюмунун жарыялаган отчетунда айтылгандай, азыркы учурда Йемендин болжол менен 60 пайыз эли ачарчылыктан жапа чегип жатат.

Бириккен Улуттар Уюму, ЮНИСЕФ жана Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасы тарабынан берилген отчетто маалымдалгандай, бул өлкөдөгү ачарчылык менен алпурушуп жаткан адамдардын саны 2016-жылдын июнь айынан бери азыркыга чейин 21 пайызга жогорулаган. Билдирүүдө азыркы учурда болжол менен 17 миллион адам азык-түлүк кризисинен жапа чегери айтылган.

Аталган уюм баса белгилегендей, азыркы учурда Таиз жана Ходейда облусттарында ачарчылык коркунучу бар. Эгерде гуманитардык жардамдар бул облусттардын жашоочуларына жеткирилбесе, жакынкы айларда кырдаал начарлашы мүмкүн.