Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иракта экинчи массалык көрүстөн табылды

Ирактын саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн түндүк бөлүгүндө «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери тарабынан өлтүрүлгөн адамдардын экинчи массалык көрүстөнү табылгандыгын билдирди.

Ирактын саламаттык сактоо министрлигинин экспертизалык бөлүмүнүн башчысы Заид Али Аббастын айтымында, террорчулардын курмандыктарынын массалык көрүстөнүн 14-мартта Ирактын Саладин облусундагы Тикрит шаарынан табышкан.

Жаңы табылган мүрзө байыркы шаардагы президенттик сарайларынын комплексинде жайгашкан. Маалыматка ылайык, азыркыга чейин көрүстөндү казуу учурунда 12 кишинин сөөгү табылган.

Белгилей кетсек, ИШИМ экстремисттик тобу 2014-жылдын июнь айында Ирактын түндүк-батыш аймактарын басып алган учурда, айрыкча Саладин облусун басып алганда аскердик академиядагы 1700 студент жана аскердик күчтөрдү мыкаачылык менен өлтүргөн. Ирак өкмөтү өткөн жылы жарыя кылгандай, Тикрит шаарындагы массалык көрүстөндөн 1000ден ашуун кишинин сөөгү казылып алынган.