Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Twitter экстремисттик идеяларды тараткан 636 миң аккаунтту жапты

Twitter социалдык тармагынын жетекчилиги «зомбулук жана эксремизмге» каршы күрөшүү программасынын алкагында, 1,5 жыл аралыгында 636 миңден ашуун аккаунттарды жапты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Мындай статистиканы Twitter жетекчилиги өзү маалымдаган. Алардын айтымында, 2016-жылдын экинчи жарымында эле 400 миңдей аккаунт жабылган.

Эске салсак, буга чейин Twitter компаниясы социалдык тармак ичинде экстремисттик идеяларды жайылтууга каршы күрөшө тургандыгын билдирген эле.