Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Лондондун так ортосундагы терактта төрт адам мерт болду

Лондондун так ортосунда теракт катталды. Тагыраак айтканда, Британ парламентинин жанындагы кол салууда төрт адам каза тапты. Бул тууралуу ВВС телеканалы маалымдаган.

Каза болгондордун арасында бычакталган полиция кызматкери, эки жай тургун жана кол салууга шектелген адам бар. Ал эми жабыркагандардын саны 20га жетти.

Окуя кечээ, 22-мартта түштөн кийин болгон. Анда белгисиз адам автоунаасы менен Вестминстер көпүрөсүндөгү ондон ашык жөө кишини сүзүп кеткен. Андан соң унаадан чыгып, парламенттин кайтаруудагы аймагына жетип келип, полиция кызматкерине бычак урган. Кол салган адам парламент имаратын көздөй чуркап бараткан кезде полиция ага ок аткан.

Бычакталган полиция кызматкери ооруканада көз жумганын Би-би-си телеканалы маалымдаган. Учурда Лондон полициясы бул окуяны террордук акт деп атады. Азыркы тапта териштирүү иштери жүрүүдө.