Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Мосул аймагында массалык түрдө 4 миңдей сөөк көмүлгөн кабыр табылды

Иракта Мосул аймагында массалык түрдө 4 миңдей сөөк көмүлгөн кабыр табылды. Бул тууралуу Telegraph басылмасы жазды.

Массалык кабыр табылган аймакта учурда Ирак армиясы менен «Ислам мамлекети» террордук тобунун кармашы жүрүүдө. Табылган ири чуңкурда ирак армиясынын аскерлеринин сөөгү болушу мүмкүндүгү айтылууда. Себеби 2014-жылы Мосулду террорчулар ээлеген учурда миңдеген аскерлер туткунга түшкөн. Аларды кийин массалык түрдө өлтүрүшкөнү айтылган болчу.

Буга чейин Мосулду бошотуу операциясы аяктап калганы айтылган. Учурда Ирактын өкмөттүк күчтөрү Мосулдун дээрлик 90%ын террорчулардан бошотууга жетишкен.