Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Де Мистура: Хомстогу жардыруу — тынчтык сүйлөшүүлөргө тоскоол жасоо аракети

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура жанкечтилердин Хомс шаарындагы жардырууларын Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жасоо аракети катары сыпаттады. Ал кол салуу сүйлөшүүлөргө таасир этпейт деген үмүтүн билдирди

Ишембиде алты кишиден турган жанкечтилер тобу Улуттук коопсуздук жана Аскердик чалгындоо кызматтарынын Хомстогу имараттарынын алдында жардыруу уюштуруп, 40тан ашык киши мерт кеткен. Теракт үчүн жоопкерчиликти «Фронт ан-Нусра» тобу өзүнө алган.

Сириядагы адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борбору жардыруудан кийин анда куралдуу кагылышуулар болуп, шаар борбору курчоого алынганын билдирди. Окуядан кийин Сирия армиясы көтөрүлүшчүлөрдүн Хомстогу позицияларына аба соккуларын жасады.