Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Путин Орусиянын Сириядагы максатын айтты

Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн Сириядагы максаты андагы легитимдүү өкмөттү сактап калуу экенин билдирди. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.

“Биз Сириянын ички иштерине кийлигишүүнү пландаган жокпуз. Биздин максат-өлкөдө легитимдүү өкмөттү сактап калуу жана терроризмге каршы сокку уруу,”-дейт Путин.

Президенттин айтымында, Сирияны террористтерден арылтууга саясий туруктуулук менен жетишүү мүмкүн.

Буга чейин, АКШ башчысы Доналд Трамп өзүнүн Сириядагы максаты жөнүндө айтып, өлкө президенти Башар Асадды кетирүү ниетинен алыс экенин кошумчалаган.