Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Стамбулда ИМ террордук уюмуна тиешеси бар делип 35 адам кармалды

Кармалган адамдар терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнө жеткирилген.

Стамбулда "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешеси бар делип 35 адам кармалды. Бул тууралуу РИА Новости Anadolu агенттигине таянып билдирди. Маалыматка караганда Стамбулдун терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгы бөлүмүнүн кызматкерлери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тарапташтарына каршы рейд жүргүзгөн. "Полиция кызматкерлери бир убакытта Стамбулдун Султанбейли жана Пендик райондорундагы 41 даректи текшерип, "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешелүү документ жана курал-жарактарды табышкан", — деп жазылат маалыматта. Белгилүү болгондой кармалган адамдар терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнө жеткирилген.