Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Каддафинин бир тууганы: Ливия жаңжалын Батыш жандырууда

“Ливиядагы куралдуу жаңжалды НАТО өлкөлөрү жергиликтүү каршылаш топторго колдоо көрсөтүү менен жандырып жатат”,- деди “Ливиянын күрөшүү улуттук фронтунун” саясий жетекчиси, мурдагы перзидентин эки бир тууганы Ахмед Каддаф ад- Дам РИА Новостиге берген маегинде. Ушул жылдын 17-февралында Ливиядагы “араб жазы” аталган элдик тынчсыздануу менен жаңжалдын башталганына 6 жыл толду. Өлкөдөгү баш аламандыктар куралдуу жаңжалга айланып, миңдегендердин кандарынын төгүлүүсүнө жана өкмөттүн кулашына алып келген.
“Эгер бүгүн Ливиянын аскердик каратсына көз жүгүртсөк, 2011-жылы НАТО тобу Ливияга бирдиктүү фронт менен келип, өлкөнүн түштүк, чыгыш жана батыш тарабынан опозициячыл топторго куралдуу колдоо көрсөтүп баштаган. НАТО тобу ушуга чейин бөлүнбөй, жаңжалдын улануусуна аракеттерин жасап жатат”,- деп баса белгиледи ал.
Каддаф ад- Дам "бул көрүнүш Батыш азыркыга чейин “Ливияны кулатуу боюнча өз паланын” аягына чыгара электигин айгинелейт",- деп эсептейт.
“ Батыштын Каддафини өлтүрүп, Ливияны жок кылуу планы бүтө элеги айкын болду. Ал азыркыга чейин жаңжал узакка чейин улана берүүсү үчүн каршылаш топторду камсыздап келет”,- деди агенттиктин маектеши.