Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Нью- Йоркто Трампка каршы мусулмандарды колдоо маршы өттү

Мусулмандарды колдоо маршы Нью- Йорктун Таймс- сквер башкы майданында өткөн. Акциянын максаты- “дин аралык коомчулукту бириктирүү” жана “Трамптын каардуу чабуулуна жооп катары мусулмандар коомчулугуна колдоо көрсөтүү” , -деп билдирет РИА Новости. Кече күнү Дональд Трамптын иммиграциялык тыюу салууларына жана саясатына каршы миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышкан. Нааразычылык акциясы “Мен дагы мусулманмын” (IAmAMuslimToo) –деген ураандар менен коштолгон. Маршты өткөрүү ишине шаардын мэри Билл Де Блазио колдоо көрсөткөн. Ал дагы өлкөнүн жаңы президентин жигердүү сынга алган аткаминерлерден. “Мен бүгүнкү маршка толук кошулам, анткени биздин шаар бардык нью- йорктуктарга таандык”,- деп жазган ал өзүнүн Twitter баракчасында. Марштын ачылуу аземине Рассел Саймонс аттуу белгилүү алпаруучу жана Нью- Йорктун раввини Марк Шнеер менен имамы Шамси Али катышкан.
Жекшемби күнү Таймс- скверге чогулушкан адамдар колдорунда “мусулмандардын кирүүсүнө тыюу жок”, “бири бирибизди коргоого сөз беребиз”,- деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан эле.