Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Арабстандын Сионисттер режими менен Иранга каршы бир тараптуу абалы кокусунан эмес

Иран ТИМинин басма сөз катчысы айтты: Арабстандын тышкы иштер министри менен сионисттик режимдин тышкы иштер министринин Иранга каршы абалдарынын бир тараптуу болуусу кокусунан эмес. Көптөгөн далил- күбөлөргө караштуу бул эки режимдин биргелешүүсү региондук иш кагаздарга байланыштуу экени айкын.
SNN /IR агенттигинин маалыматына ылайык, Иран ТИМинин басма сөз катчысы Бахрам Касеми мындай деп кошумчалап өткөн: эки режим тең региондогу жеңилүүлөрүнүн ордун толтуруу максатында азыркы аракетинде эл аралык чөйрөнү Иранга каршы тукуруунун артында. Бул эки шериктештин бейкүнөө адамдарга карата кордуктары кайрадан кайталанса оор өкүнүүлөргө алып келери шексиз.
Иран ТИМинин басма сөз катчысы айтты: бул баскынчы режим Иранга каршы саясатын жүргүзүүдө бир ислам өлкөсү менен кызматташууга кол байлаганы аянычтуу нерсе.
Касеми сөзүнү аягында баса белгиледи: Арабстандын бизди ИШИМге байланыштарган куру дооматтары белгилүү. Арабстандын такфирчи террорчуларды акыйдалык, каражат, үйрөтүү жактан колдоо көрсөтүүлөрү, жада калса Арабстан аскери алар менен маалымат тармагында байланышуулары, ошондой эле дүйнөдөгү күнөөсүз элдерге кылган жынаяттары айкын ачык жана эч убакта унутулбайт.