Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ооганстан террористтердин Тажикстанга кирүүсүнө жол бербейт

Кабул террордук топтордун чек арадан өтүп, Тажикстан аймагында теракт жасоосуна жол бербейт. Бул тууралуу Ооганстандын ички иштер министри Салахуддин Раббани тажик кесиптеши Сироджиддин Аслов менен жолугушуусунда билдирди.

Ооганстандын тышкы саясат мекемесинин башчысы Кабул өлкөнүн түндүк тарабындагы чек арасын сактоо боюнча милдеттенмелерин аткарарын жана Тажикстандын аймагына террорчулардын өтүүсүнө жол бербестигин билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери мындан тышкары эл аралык терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Тараптар экономика жана энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду тезинен ишке ашырып, ошондой эле Ооганстандагы туруктуулукту камсыз кылуунун зарылдыгын баса белгилешти.

Эске салсак, Ооганстандын ТИМ башчысы Салахуддин Раббани иш сапары менен Дүйшөмбүгө келген. Дипломатты президент Эмомали Рахмон жана тажик парламентинин эки палатасынын спикерлери да кабыл алат.