Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сириянын куралдуу оппозициянын өкүлдөрү Астанага келип конду

Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү жана Түркиянын делегациясы бүгүн эл аралык сүйлөшүүгө катышуу үчүн Астанага келип конду. Бул тууралуу «Ростбалт» маалымат агенттиги жазат.

Делегациялар Стамбулдан «Түрк аба жолдору» менен келген.

Буга чейин «Астана-2» жыйыны аба ырайына байланыштуу 16-февралга жылдырылган. Бул кырдаалды Орусия делегаттары бир гана аба ырайына байланыштуу деп тактаган.

Эскерте кетсек, 6-февралда Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Ага Орусия, Түркия, Иран, Иордания жана БУУ эксперттери катышкан. Эки күнгө созулган сүйлөшүүнүн соңунда Сириядагы ок атууну токтотуу келишимин аткарууну көзөмөлдөө механизмин түзүү макулдашылган.

БУУнун маалымат боюнча дээрлик 6 жылга созулган Сириядагы куралдуу кагылышуулардан 300 миңден ашык киши курман болгон.